Каракол: Насыя алып төлөй албай калгандар митингге чыгышты

Ысык-Көлдүн борбору Каракол шаарында нааразылык митинги өтүүдө. Чогулгандар микрокредиттик уюмдардан насыя алып төлөй албай калышкандар. 40-50дөй адам топтолуп турат, алардын арасында Бишкек шаарынан жана Талас облусунан келгендер да бар. Негизинен Ак-Суу районунан келгендер болуп, алар укугубузду коргоп бергиле деген талап коюшууда. Таластын тургуну Акылай Тилекеева: "Микрокредиттик компаниялар элдин канын соруп бүтүштү. Шаарда эч ким насыя албай калып, эми булар айылдарды каптоодо. Буларга чара көрүш керек",- дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан