"Президенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыксын". Клара Сооронкулова БШКга каршы сотко арыз жазды

Президенттикке талапкерлигин койгон Клара Сооронкулова БШКнын президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча чечимин жокко чыгарууну талап кылып Бишкектин административдик сотуна арыз жазды. Маалыматты SUPER.KG порталына Сооронкулова өзү тастыктады.

Анын айтымында, Садыр Жапаровдун соттолгондугу жоюла элек болгондугуна байланыштуу ал БШК тарабынан президенттикке талапкер катары катталбашы керек болчу.

"Шайлоо тууралуу мыйзамдын 4-статьясынын 3-бөлүгүнө ылайык, соттун күчүнө кирген чечими менен абакта кармалган жарандар шайлоо жана шайлануу укугунан ажырайт. Ошондой эле мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте соттолгондугу жоюлбаган жаран президенттикке шайлана албайт. Бирок БШКнын төрайымы жана мүчөлөрү Садыр Жапаровду 2 жолу соттолгондугун, 6-октябрь күнү мыйзамсыз бошотулгандыгын билип туруп президенттик шайлоого талапкер катары катышууга жол беришкен", - деди Сооронкулова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан