Акыйкатчылыкка талапкерлигин койгон укук коргоочу Нурбек Токтакунов акыйкатчыны шайлоо баш аламан өткөнүн бүгүн, 7-октябрда маалымат жыйында билдирди. Айтымында, парламенттин негизги катачылыгы - шайлоо эрежелерин алдын ала сүйлөшүп албагандыгы. “Шайлоо акыйкатчы тууралуу мыйзамга же Жогорку Кеңештин регламентине ылайык өткөрүлгөнү түшүнүксүз болду. Талапкерлерге программасы тууралуу айтып берсин деп 3 мүнөттөн беришти. Бирок депутаттар үчүн биздин программаны угуу кызыксыз болду, көбү зал аралап басып жүрүштү”,- дейт Токтакунов.