Ырчы Анжелика жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен өзү жана 5 жаштагы кызы жаракат алды. Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан жол кырсыгы 23-январда болгонун айтышты.
Маалым болгондой, автокырсык Балыкчы-Ананьево унаа жолунда катталган.
"Унаада ырчы кыздары жана курбусу менен бара жаткан. Рулда ырчынын курбусу болгон. Айдоочу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Кырсыктын кесептинен ырчы жана анын 5 жаштагы кызы жаракат алып, Түп райондук ооруканасына жеткирилген", - дешти мекемеден.