Бангладеште өткөн эл аралык Дакка кинофестивалында (Dhaka lnternational Film Festival) "Акыркы көч" тасмасы "Эң мыкты тасма" деп табылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.
Аталган тасманын режиссёрлору - Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу.
Дакка кинофестивалы быйыл 16-24-январь аралыгында онлайн өттү. Фестивалда 73 мамлекеттен 226 тасма көрсөтүлдү.
Тасма "Кыргызфильм" киностудиясынан жана "Билимкана" фондунун колдоосу менен тартылган. Башкы ролдордо: Марат Алышбаев, Бусурман Одуракаев, Шайыргүл Касымалиева, Анара Ажыканова жана башкалар.