Акыркы суткада Ош облусунда 4 өрт кырсыгы катталды. Ноокат районунун Көк-Жар айылында Ж.Ташболотовго таандык 142 чарчы метрлик үйдүн чатыры, үй эмеректери, буюмдар, 2 терезе, 1 эшик жана 120 чарчы метрлик сарайы жана гаражы күйүп кетти. Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында 3 гектар чөп жайыт өрттөндү. Ушул эле айылдын “Амантур” асфальт чыгаруучу заводдун аймагындагы 10 даана эски дөңгөлөк өрттөнүп кеткени айтылды. Ал эми Өзгөн районунун Кароол айылындагы мүрзөнүн 7 гектар аянты күйүп кетти. Учурда келтирилген чыгымдар такталып жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.