Ош. ОшТУда Мугалимдер күнү белгиленди

Ош технологиялык университетинде 4-октябрь күнү мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди. Иш-чарага окуу жайдын эмгек жамааты жана студенттер катышып, айрым окутуучуларга алкыш жарыяланды. Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө “Таланттар таймашы” аттуу сынак болду. Ага окуу жайдын факультеттеринин тарбия иштери боюнча декандардын орун басарлары жана профсоюз комитетинин кызматкерлеринен түзүлгөн эки команда катышты. Жыйынтыгында аталган эки команда бирдей упайга ээ болуп, ар бири 5000 сомдон акчалай сыйлыкка ээ болушту. Бул тууралуу аталган университеттин басма сөз катчысы Рамис Ыдырысов билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан