ЖКнын тийиштүү комитети КРнын ветеринардык тармагындагы эпизоотиялык коопсуздуктун абалын талкуулайт

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин көчмө жыйыны бүгүн, 7-октябрда саат 14:00дө болот. Жыйындын күн тартибинде "КРнын ветеринардык тармагындагы эпизоотиялык коопсуздуктун абалы жөнүндө" мыйзам долбоору жана башка маселелер каралат. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы маалымдады. Аталган мыйзам долбооруна баяндамачы катары өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Азизбек Исраилов чыкмакчы. Жыйын К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде орун алат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан