Садыр Жапаровдун алгачкы иш сапары Орусияга болот. Күн ичинде орун алган саясий окуялардын топтому бир шилтемеде

Бүгүн, 25-январь, күнгө дүйшөмбү. Саясий окуялардан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун сунуш кылат.
Жаңы Конституциянын долбоорунун акыркы этабы каралып жатат

Конституциянын жаңы редакциясынын долбоорунун акыркы этабы даярдалып жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Конституциялык кеңешменин башчысы Бекбосун Бөрүбашев билдирди.

"Конституциянын жаңы редакциясы жакында даяр болот. Ал даяр болуп, кабыл алынгандан кийин Жогорку Кеңешке кароого жөнөтүлөт", - деди Бөрүбашев.

Буга чейин 20-январда депутаттар Акылбек Жапаров, Умбеталы Кыдыралиев, Бактыбек Турусбеков Конституцияга өзгөртүүнү талап кылган маселе кабыл алынган учурда Конституция боюнча референдумду дайындоонун жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүүнү сунушташкан. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүү боюнча жарлыкка кол койгон. Кеңешменин курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар кирип, Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык конститиуциялык укук кафедрасынын жетекчиси, юридика илимдеринин доктору, профессор - Бекбосун Бөрүбашев жетектеген.

Садыр Жапаровдун алгачкы иш сапары Орусияга пландалып жатат

Садыр Жапаровдун алгачкы иш сапары Орусияга пландалып жатканы айтылды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Равшан Сабиров Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, иш сапар учурунда Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсү үчүн жаратылыш газына болгон бааны төмөндөтүү маселесин көтөрүүнү көздөп жатат.

Бүгүн Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйыны өттү. Анда 4 маселе каралды.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январь күнү өтүп, шайлоочулардын дээрлик 80 пайыз добушуна ээ болгон Садыр Жапаров жеңишке жетти. Анын президенттик кызматка киришүү аземи 28-январь күнү, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.

Жогорку Сотто Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча соттук процесс өттү

Жогорку Сотто Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча соттук процесс өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына айыпталуучулардын биринин жактоочусу Рабига Сыдыкова билдирди.

Жактоочунун айтымында, жактоочу Нурбек Токтакунов ЖЭБ иши боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кылмыш ишин кайра кароо үчүн Жогорку Сотко өтүнүч келтирген.

"Бүгүн ал жактоочунун берген өтүнүчү боюнча Жогорку Сотто процесс болду. Бирок мамлекеттик айыптоочулар жана соттук коллегия иштин материалдары менен таанышыш керек деген жүйө менен соттук отурум жылдырылды",- деди Сыдыкова.

Бул боюнча маалыматты Жогорку Соттун басма сөз кызматы тастыктап, ЖЭБ иши боюнча кийинки процесс 1-февралга белгиленгенин маалымдады.

"Жогорку Сот Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча Сапар Исаковдун, Айбек Калиевдин, Салайдин Авазовдун, Жолдошбек Назаровдун жана Осмонбек Артыкбаевдин жактоочуларынан келип түшкөн өтүнүч боюнча кылмыш ишин карап жатат. Мыйзам жаңы ачылган жагдайлар боюнча айыпталуучулардын катышуусуз кылмыш ишин кароону чектебейт", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча иш буга чейин эки инстанцияда, ал эми 2020-жылдын 22-июнунда Жогорку Сотто каралып, чечим чыгарылган.

Свердлов райондук сотунда коррупция боюнча айыпталып жаткандарга карата төмөндөгүдөй чечим чыккан:

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга соттолгон. "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын мурдагы башчысы Айбек Калиев күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев күнөөлүү деп табылып, 5 миллион сом айып салынган. Мурунку финансы министри Ольга Лаврова 3 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирилди. "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов 2 жыл 6 айга соттолушту, алардын жаза мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу сот залынан бошотулушкан.

Ал эми 2020-жылдын 23-мартында шаардык соттун чечими менен Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча айыпталып жаткандарга чечим чыккан.

Ага ылайык, "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев 14 жылга эркинен ажыратылып, ал эми мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков жана "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазовго карата чечим Свердлов райондук сотунун өкүмү боюнча күчүндө калтырылган.

Жалпысынан шаардык соту ЖЭБ иши боюнча өтүп жаткан бардык айыпталуучулардын жаза мөөнөтүн биринчи инстанциянын чечими менен калтырып, бир гана Айбек Калиевдин жаза мөөнөтүн бир жылга кыскарткан.

Ошондой эле Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Айбек Калиев, Салайдин Авазов, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов финансы министрлигине 5 миллиард 439 миллион сом чыгым төлөө милдеттендирилген.

22-июнда Жогорку Сотто Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча соттук коллегия өкүм чыгарган.

Анда бул иште айыпталуучу катары өтүп жаткандарга карата Жогорку Соттун 2020-жылдын 22-июнундагы токтому менен Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2020-жылдын 23-мартында кабыл алынган өкүмү өзгөртүлгөн.

Мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкендей, соттук коллегиянын токтому менен өкүмдүн корутунду бөлүгүнүн соттолуучулардан Финансы министрлигинин пайдасына 5 миллиард сомдон ашык материалдык зыянды өндүрүү деген бөлүгү “ортоктош түрдө” деген сөздөр менен толукталган. Шаардык соттун өкүмү калган бөлүгүндө күчүндө калтырылган.

Прокурордун кассациялык сунушу жана жактоочулардын даттануулары канааттандыруусуз калтырылган.

Эльвира Сурабалдиева Орусиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Татьяна Голикова менен телефон аркылуу сүйлөштү

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева Орусиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Татьяна Голикова менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Эльвира Сурабалдиева белгилегендей, Кыргыз Республикасы Кыргыз-Орусия өнөктөштүгүнүн стратегиялык мүнөзүн жогору баалайт жана келечекте Орусия менен ар тараптуу байланыштарды чыңдоого умтулат. Ал орусиялык тарапка коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө көрсөтүлгөн колдоосу жана гуманитардык көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө социалдык тармактагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар эки өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жана COVID-19 вирусунун жаңы штаммынын жайылышынын алдын алуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар, калкты коронавирус инфекциясынан вакцинациялоо маселесин, ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн жана Орусиянын саламаттык сактоо министрликтеринин мындан ары карай өз ара аракеттешүүсүн талкуулады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан