Жогорку Сотто Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу жактоочулардын өтүнүчү каралды

Бүгүн, 25-январда Жогорку Сотто Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча соттук процесс өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына айыпталуучулардын биринин жактоочусу Рабига Сыдыкова билдирди.

Жактоочунун айтымында, жактоочу Нурбек Токтакунов ЖЭБ иши боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кылмыш ишин кайра кароо үчүн Жогорку Сотко өтүнүч келтирген.

"Бүгүн ал жактоочунун берген өтүнүчү боюнча Жогорку Сотто процесс болду. Бирок мамлекеттик айыптоочулар жана соттук коллегия иштин материалдары менен таанышыш керек деген жүйө менен соттук отурум жылдырылды",- деди Сыдыкова.

Бул боюнча маалыматты Жогорку Соттун басма сөз кызматы тастыктап, ЖЭБ иши боюнча кийинки процесс 1-февралга белгиленгенин маалымдады.

"Жогорку Сот Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча Сапар Исаковдун, Айбек Калиевдин, Салайдин Авазовдун, Жолдошбек Назаровдун жана Осмонбек Артыкбаевдин жактоочуларынан келип түшкөн өтүнүч боюнча кылмыш ишин карап жатат. Мыйзам жаңы ачылган жагдайлар боюнча айыпталуучулардын катышуусуз кылмыш ишин кароону чектебейт", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча иш буга чейин эки инстанцияда, ал эми 2020-жылдын 22-июнунда Жогорку Сотто каралып, чечим чыгарылган.

Свердлов райондук сотунда коррупция боюнча айыпталып жаткандарга карата төмөндөгүдөй чечим чыккан:

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга соттолгон. "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын мурдагы башчысы Айбек Калиев күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев күнөөлүү деп табылып, 5 миллион сом айып салынган. Мурунку финансы министри Ольга Лаврова 3 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирилди. "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов 2 жыл 6 айга соттолушту, алардын жаза мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу сот залынан бошотулушкан.

Ал эми 2020-жылдын 23-мартында шаардык соттун чечими менен Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча айыпталып жаткандарга чечим чыккан.

Ага ылайык, "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев 14 жылга эркинен ажыратылып, ал эми мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков жана "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазовго карата чечим Свердлов райондук сотунун өкүмү боюнча күчүндө калтырылган.

Жалпысынан шаардык соту ЖЭБ иши боюнча өтүп жаткан бардык айыпталуучулардын жаза мөөнөтүн биринчи инстанциянын чечими менен калтырып, бир гана Айбек Калиевдин жаза мөөнөтүн бир жылга кыскарткан.

Ошондой эле Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Айбек Калиев, Салайдин Авазов, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов финансы министрлигине 5 миллиард 439 миллион сом чыгым төлөө милдеттендирилген.

22-июнда Жогорку Сотто Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча соттук коллегия өкүм чыгарган.

Анда бул иште айыпталуучу катары өтүп жаткандарга карата Жогорку Соттун 2020-жылдын 22-июнундагы токтому менен Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2020-жылдын 23-мартында кабыл алынган өкүмү өзгөртүлгөн.

Мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкендей, соттук коллегиянын токтому менен өкүмдүн корутунду бөлүгүнүн соттолуучулардан Финансы министрлигинин пайдасына 5 миллиард сомдон ашык материалдык зыянды өндүрүү деген бөлүгү “ортоктош түрдө” деген сөздөр менен толукталган. Шаардык соттун өкүмү калган бөлүгүндө күчүндө калтырылган.

Прокурордун кассациялык сунушу жана жактоочулардын даттануулары канааттандыруусуз калтырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан