Украинадагы Херсонск облусунун Крестовка айылында 4-октябрь күнү 1930-жылдары репрессияланган кыргызстандыктарга арналган эстеликтин ачылышы болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты. Иш-чарага КРнын аталган өлкөдөгү элчиси Улукбек Чыналиев, Херсонск облусунун башчысынын орун басары Михаил Мельник жана башкалар катышты. Эстелик ташка кыргыз, украин тилдеринде “Ак кепинге көмүлбөгөн, белгисиз маркумдар... Бул жерде 20-кылымдын 30-жылдарында тоталитардык репрессияда жазыксыз сүргүнгө айдалып келген кыргыздардын сөөгү жатат” деп жазылган.