"Шайлоо өнөктүгүмө жумшайм". Дастан Бекешев студенттерге 3 миң сомдон лекция окуй турганын айтты

Депутат Дастан Бекешев жогорку окуу жайлардын студенттерине "Кантип ийгиликтүү юрист болуу керек?" лекциясын окуйт. Өзүнүн кызматы үчүн депутат ар бир студенттен 3 миң сомдон алат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Айтымында, лекция окуудан чогулган каражат шайлоо өнөктүгүнө жумшалат.

"Мен юридикалык факультеттин студенттерине келечектеги кесибин тандоодо жардам бере турган практикалык билим менен бөлүшүүгө даярмын.

Университеттерде мугалимдер белгилүү бир программа боюнча лекция окууга мажбур болушат жана мугалимдердин айрымдары гана программанын чегинен чыгып келечектеги юристтер үчүн пайдалуу боло турган билим менен бөлүшүшөт. Билим берүү программасына ылайык окуш керек, бирок ийгиликке жетүүнү каалагандар көбүрөөк билиши зарыл. Каалоочулар үчүн “Кантип ийгиликтүү юрист болуу керек” деген лекция даярдадым.

Менин лекциям практикалык билимдин негизинде иштелип чыккан жана теорияларды камтыбайт. Теорияны университеттен үйрөнүп жатасыздар. Студент кезден эле юрист болуп, өзүңдүн атыңды жаратып, университетти аяктагандан кийин акча тапса болору жөнүндө билим берем. Лекция эки саатка ылайыкталган, баасы 3 миң сом. 10 же андан көп студент чогулары менен биз окууну баштайбыз. Лекция үчүн алынган каражат менин шайлоо өнөктүгүмө гана жумшалат", - деп жазат Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан