Кыргыз дизайнерлери Москвада өткөн “Экзерсис” жана “Орусия модасы” эл аралык жаш дизайнерлер сынагында байгелүү орунга ээ болушту. Бул тууралуу 7-октябрда маалымат жыйында “Легпром” ассоциациясынын жетекчиси Фархат Төлөгөнов билдирди. 25-сентябрда өткөн “Орусия модасы” сынагында Жумагүл Сариева баш байгени жеңип алды. “Сынакка 10 дизайнер катышты. Мен аялдардын чапанын тартууладым. Эксперттерге да, катышуучуларга да жакты. Мындай сынактар биз үчүн жакшы тажрыйба”,- дейт Сариева. Ал эми 24-октябрда өткөн “Экзерсис” сынагына Орусия, Казакстан, Испания жана башка өлкөлөрдөн келген 45 катышуучунун ичинен кыргызстандык Айсанат Абдрасулова 3-орунду ээледи.