Индияда Tик Toк тиркемесин колдонууга расмий түрдө тыюу салынды

Индия Tик Tok тиркемесин колдонууга расмий түрдө тыюу салды. Бул тууралуу чечимди аталган өлкөнүн Электроника жана маалыматтык технология министрлиги чыгарганын дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Анда жазылган маалыматка ылайык, Индия расмий түрдө Кытайдын Tик Tок тиркемесин ага кошуп дагы 58 тиркемени колдонууга тыюу салды.

"Өкмөт бул компаниялардын кызмат коопсуздугу үчүн берген түшүндүрмөлөрүнө канааттанбайт. Тиркемелер өлкөнүн коопсуздугуна жана коомдук тартипке зыян келтирет. TикTok тиркемесинен сырткары WeChat, Weibo кичиблогу, Clash of Kings оюну жана башка тиркемелерин колдонууга тыюу салынды", - деп жазылат маалыматта.

Tик Tok тиркемеси 2015-жылы Кытайда ишке киргизилген. Бүгүнкү күндө бул тиркеме социалдык тармактын колдонуучулары арасында популярдуу. Акыркы эсептөөлөр боюнча, дүйнө жүзүндө Tик Tok колдонуучуларынын саны 700 миллиондон ашат. Аны 150гө жакын мамлекеттин адамдары колдонушат. Жакынкы жылдары популярдуулугу Инстаграмдан да ашат деген божомолдор айтылып келет.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан