"Орусия Садыр Жапаровду кабыл алууга даяр эмес деген маалымат чындыкка дал келбейт" дейт маалымат катчы

Жаңы шайланган өлкө башчы Садыр Жапаровдун алгачкы расмий иш сапары боюнча президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек билдирүү таратты. Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, буга чейин социалдык тармактарда "Орусия Садыр Жапаровду кабыл алууга даяр эмес" деген маалыматтар тараган.

"Жаңы шайланган президент Садыр Жапаров биринчи расмий иш сапарын Орусияга жасоону пландоодо. Бул багытта иштер жүрүп жатат. Орус тарап менен иш сапардын датасы жана мазмуну иштелип, даярдалып жатат. Соцтармакка тараган "Орусия Садыр Жапаровду кабыл алууга даяр эмес" деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Учурдан пайдаланып коомчулукту мындай чагымчыл маалыматтарга ишенбей, такталган гана билдирүүлөрдү гана окууга чакырып кетет элем", - деген Байтерек.

Эске салсак, Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан