Өзбекстанда баласы атасын бычактап койгон

Өзбекстандын Ташкент шаарында 17 жаштагы бала 47 жаштагы өз атасын бычактап койгон. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 22-январда саат 01:00дө нөөмөттөгү милицияга Ташкент шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган үй-бүлөлөрдүн биринде катуу жаңжал болуп жаткандыгы тууралуу кабар келип түшкөн. Укук коргоо органдары аталган дарек боюнча барышып, мурда соттолгон 47 жаштагы А.И. аттуу жаранды бычакталган абалда табышкан.

Жабырлануучуга керектүү жардамдар көрсөтүлгөнүнө карабай алган жаракатынан улам көз жумган. Аталган кылмышка шектелип маркумдун 17 жаштагы баласы кармалган. Анын мындай кадамга баруусуна үй-бүлөдө чыккан жаңжал, атасы менен болгон келишпестик себеп болгон.

Бул факты боюнча тиешелүү органдар тарабынан кылмыш иши козголуп, учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ale
2021-01-27 10:23:22
Оз атасын олтургон акырети канлай ьолор экен а
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан