Орусиянын Тюмень шаарында 11-12-октябрь күндөрү Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Иш-чара жергиликтүү “Биримдик” кыргыз диаспорасы тарабынан уюштурулуп жатат. Бул тууралуу "Замандаш" ассоциациясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Программада “Биримдик”, “Ак-Шоола”, “Байчечекей” чыгармачыл жамааттарынын концерттик программасы, улуттук тамактардын жарманкеси, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери, “Тюмендеги кыргыздар” сүрөт көргөзмөсү уюштурулат. Буга кошумча “Ыр кесе” жана Ч.Айтматовдун чыгармасы боюнча тартылган “Ак кеме” көркөм тасмасы көрсөтүлөт.