Коңшу Тажикстанда коронавирус инфекциясы жок калды жана мындан ары жайылбайт. Мындай пикирин аталган өлкөнүн президенти Эмомали Рахмон жергиликтүү басылмаларга берген маегинде айткан.
"Январь айынын башынан бери өлкөдө коронавирус инфекциясынын жуккан учурлар катталбагандыгы бизди кубандырат. Башкача айтканда, Тажикстанда COVID-19 жок деп ишенимдүү түрдө айта алам", - деген Рахмон.
Буга карабастан Эмомали Рахмон карантиндик чараларды сактоону улантуу керектигин белгилеген.
Өткөн жылдын декабрь айында Тажикстанда күн сайын 30га жакын адамдан коронавирус аныкталып келген болсо, 1-январдан тарта алардын саны кескин түрдө азайган. Тактап айтканда, январь айынын ичинде Тажикстанда 12 гана адамдан коронавирус аныкталган.