Хакерлер Фейсбук тармагына катталган колдонуучулардын жеке номурларын сатып жатканы айтылды

Хакерлер Фейсбук социалдык тармагына катталган 533 миллион катталуучунун жеке маалыматтарына ээ болуп, аны Телеграммда сатып баштады. Бул тууралуу жеке маалыматтар коопсуздугу боюнча Алон Гала аттуу адис The Verge басылмасына берген маегинде билдирген.

Маалыматка караганда, интернет каракчыларынын колунда 19 мамлекеттин жарандарынын жеке маалыматтары уурдалган.

"Телеграммдагы боттор колдонуучу тууралуу маалыматты 20 долларга сатып жатканы айтылды. Ал эми 10 адамдын жеке маалыматын 5 миң долларга сатып алса болот. Булардын арасынан көбүнчө Фейсбук тармагына катталуу үчүн керек болгон уюлдук телефондун номурлар сатылууда", - деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары Алон Гала 2021-жылдын январь айынын ортосунан баштап Телеграмм мессенжериндеги боттун активдүүлүгү жогорулаганын белгилегени маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан