Борбор шаарда айыл чарба азыктарынын жарманкеси кышка чейин уланат

Бишкектеги айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жарманкеси кышка чейин уланат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов билдирди. "Жарманкеде шаардыктар үчүн жана азык-түлүктөрдүн баасы базар баасынан арзан. Атайын орунда туруп өз продукцияңды сатууга бардык шарттар түзүлгөн. Бул жарманке кышка чейин уланат",- деди мэр. Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, жарманке үчүн дыйкандарга акысыз 350 соода жайы берилип, аларга ижара акысы төлөнбөйт. Шаардыктар үчүн алган азык-түлүгүн кайра текшерип көрүү үчүн атайын тараза да коюлуптур. Жарманке шаардагы Султан Ибраимов жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде өтүп жатат. 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан