26-январда Индия өлкөсү көз карандысыздыгынын 71 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарында айтылат.
Майрамга карата өлкөнүн бардык шаарларында жана штаттарында салттуу жүрүштөр өттү. Майрам индиялык студенттер жана ыктыярчылардын катышуусунда салттуу ыр, бий жана спектаклдер менен коштолгон. Ошондой эле ыктыярчылар конокторду даамдуу улуттук тамак-аштары менен сыйлашкан.
Дели шаарында Улуттук стадиондо эки күндүк элдик бий фестивалы да өткөрүлө турганы маалымдалды. Аталган салтанаттын түпкү тамыры орто кылымдарда башталган.