СУПЕРСТАН: "Москвадагы махабат..."

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Москвадагы махабат..." деген тема талкууга алынган.

Автор: "Саламатсыздарбы. Москва шаарында көптөн бери эмгектенем, күндөрдүн биринде бир кыз менен тааныштым. Социалдык тармакта, аябай жөнөкөй кыз үнү да өзгөчө. Ошентип ал кыз менен телефондо 6 ай сүйлөштүк, ал да Москвада иштечү. Видео чалуу менен сүйлөшчүбүз. "Эмнеге качасың жолугуудан?" десем, "жолуксак бир нерсе айтам, аны укканда өзүң эле качып кетесиң ошол үчүн" деди. "Сени жоготкум келбейт, аны айтсам мени таштап кетесиң" деп ыйлады да, трубканы коюп койду.

Мен көпкө ойлондум, эмне болушу мүмкүн, ар нерсе оюма келди. Ошентип дагы 1 ай сүйлөшкөндөн кийин жолуктук. Аябай жакшы көрүп калдым, ал да мени жакшы көргөндөй сезилди. Экөөбүз тамактанып отурдук, анан мен сурадым "айтчы эмнени айта албайтасың" десем. Мындан 3 жыл мурун айылдан ала качып кетишиптир, ата-энеси отургузуп, 3 ай жашагандан кийин бала кол көтөрүп чала жан кылып сабап койгон экен. Кыздын ата-энеси келип ажыраштырып, Москвага жөнөтүп ийишиптир. Анан дагы 3 ай сүйлөштүк. Ата-энеме айтып, нике кыйып жашап калдык, баары жакшы. Кош бойлуу.

Бирок кээде ичимен сыздайм, бирок билгизбейм. Эмнеге менин маңдайыма ушундай жазылган? Биринчиси, биринчи да баары бир. Силердин оюңар кандай?

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Биздин оюбуз сенин көңүлүңдү көтөрүп коюшу мүмкүн, же тескерисинче түшүрүп коюшу мүмкүн.
Бактылуу жашап атыпсыңар, тема ачып жарыя кылбай эле тынч жашооңорду өткөрө бергиле демекчимин. Биринчисиби, үчүнчүсүбү негизгиси бактылуу болсоңор болду.
Сен жубан алдым деп өкүнбө, анча-мынча эркектердин колунан келбеген нерсени кылдың, азаматсың! "Кыз" албадым деп кыжаалат болбо, "кыз" алгандардын баары бактылуу жашап кетпей эле, тескерисинче ажырашуулар көбөйдү!"

"Эмнеге сыздайсың? Сүйөсүңбү, жыргап жашай бер!"

"Иши кылса кийин мээсин чагып, эзгилебе. Эң эле жаманы ушул.
Ал кыз сага ишенип, жакшы үмүт менен баш кошту. Ишеничин акта. Экинчи жолу эркектен көңүлү калбасын".

Талкууга кошулуу үчүн бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bond02
2021-02-01 02:16:40
Кээ бироого кундо майрам, а бироого бутпос арман жашап журот сенде Москва.
+9
nurikkg1
2021-02-01 06:23:38
Самые главные бактылуу экенсинер Сен озунду дуйнодогу эн бактылуу адам деп сез
+4
Haanykeim
2021-02-01 08:24:18
Сага бирөө аны зордоп үйлөгөн жок да,сен өзүң жакшы көрүп алдың.
+4
Aky12
2021-02-01 21:08:53
Алгычакты баарына макул деп, алгандын кийин биринчиси баарыбир биринчиси да деп эзилгенин эмнен??Эзилген эркектен кудай сакта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан