"Ал тасмаларга тартылышы керек". Димаш Кудайбергендин карындашынын сүрөтү социалдык тармакта талкууда

Белгилүү казакстандык ырчы Димаш Кудайбергендин апасы Светлана Айтбаева кызынын ат минип түшкөн сүрөттөрүн социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.

Сүрөттө кызы Раушан ат үстүндө турган. Сүрөттүн алдына ал агасына окшош экендиги жана актриса болушу керектигин билдирген билдирүүлөр көп жазылган.

Раушан - Димаш Кудайбергендин кичүү карындашы. Шаардагы медициналык университеттердин биринин студенти. Ал дарыгер кесибин тандап алган. Бирок жакшы вокалдык жөндөмү бар. Ошондой эле кытай, англис тилдерин үйрөнүү менен олуттуу алектенет.

Социалдык тармактын колдонуучулары "Абдан сонун образ! Раушан, сен абдан сулуусуң. Ата-энең менен бактылуу бол!", "Сен Димашка окшош экенсиң", "Ал тасмаларга тартылышы керек", "Ушундай балдарды тарбиялаган ата-энесине ыраазычылык!" деген өңдүү пикирлерин калтырышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Janyl98
2021-01-27 14:35:09
Оба карындашы абдан сулуу, келбеттуу экен. Сулуулук - жакшылыктын, ийгиликтин, бакыттын символу.
-2
Real98
2021-01-27 14:40:45
Чачын жайып,жасанып жүргүлө кыздар:)
-6
erik3
2021-01-27 14:56:51
Кыздардын баары жакшы, бирок чачы мыкты таралган, жасалган кыз андан да жакшы. Так что кыздар дайыма чачынарга кобуроок конул болгуло.
-4
Aliza_96
2021-01-27 15:10:41
Чач чач чач... Уфф чачка талгак болуп атышкан го... Силерди бир эле киши деп ойлойм.
+10
Mister-XXX
2021-01-27 15:38:18
Aliza_96,Мен дагы бир эле киши деп ойлойм.Болгондо да кыргыздын душманы.Кыргыздын баалуулугун жокко чыгаргысы келет.Кылымдардан сакталып келген баалуулуктарды булар жок кыла алмак беле.
+4
Janyl98
2021-01-27 16:44:20
Mister-XXX,
Сулуулук - бул ар бир аял кишинин негизгии баалулуктары. Илгерки аялдарга окшоп тумчуланып алмай заман жок. Ар бир аял озун баалап, сырткы келебетине конул болуп, жасанып, таранып жургон - бул аял учун эн бир чон баалулук.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан