Автокырсыкка кабылган ырчы Анжелика улуу кызы Айымага да операция жасаларын айтты. Бул тууралуу ырчы менен байланышып абалын сураганыбызда белгилүү болду.
"Азырынча кыйналып жатам. Алдыда кызым Айымага да операция жасалат", - деди ал.
Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун маалымат кызматынан ырчы жана анын 5 жаштагы кызы операциядан кийин палатага которулганын билдирди.
Эске салсак, Анжелика 23-январда жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен өзү жана 5 жаштагы кызы жаракат алганы маалымдалган. Ысык-Көл облусунун Түп райондук ооруканасынан кырсык тууралуу маалымат беришкен. 24-январда ырчыга шашылыш операция, 25-январда 5 жаштагы кызына операция жасалган.