"Кайыкта" кыска метраждуу тасмасы Кустендорф Эл аралык кино жана музыка фестивалында "Жюринин атайын призине" татыды. Бул тууралуу режиссёр Байзак Маматалиев билдирди.
Анын айтымында, аталган фестивалга 600гө чукул тасма катышкан.
"Бул фестиваль быйыл он төртүнчү жолу уюштурулуп жатыптыр. Фестиваль белгилүү сербиялык кинорежиссёр, көптөгөн эл аралык сыйлыктардын ээси Эмир Кустурицанын фестивалы экен. Бул тууралуу алгач билген эмесмин. Аталган иш-чарага катышуу үчүн тасманы жиберип койгом. Анан бизге "силердин тасмаңар өттү, Эмир менен сүйлөшөсүңөр" деген кат келди.
Фестивалга Корея, Орусия, Түркия, Өзбекстан жана башка көптөгөн өлкөлөрдөн 600гө чукул тасма катышты. Алардын ичинен 23ү тандалып алынды. Андан ар бирибиз Эмир Кустурица менен жеке skype аркылуу баарлаштык. Анда ал биздин тасмабыз тууралуу ой пикирин, кеп-кеңешин айтты. Сүйлөшүү учурунда андан Чыңгыз Айтматовдун "Чыңгыз хандын ак булуту" чыгармасынын негизинде фильм тартууну пландагандыгын сурадым. Режиссёр дал ошондой ниети бар экендигин билдирди.
22-25-январга чейин онлайн түрдө фестиваль өтүп, жыйынтыгы 25-январда чыкты", - деп билдирди Маматалиев.