Бүгүн, 27-январда Конституциялык кеңешме өз ишин жыйынтыктады. Ага карата кеңешменин төрагасы жана секция башчыларынын катышуусунда брифинг өтүп жатат.
"Конституциянын долбоору 20-ноябрда Жогорку Кеңештен бизге түшкөн. Бүгүн, 27-январда бир катар талкуулар жана өзгөртүүлөрдөн кийин ишибизди жыйынтыктадык. Биз дагы 2-3 күн иштеп акыркы вариантын Жогорку Кеңешке жөнөтөбүз. Конституциянын долбоорун иштеп чыгуу оңой болгон жок. Бүгүнкү күндө Конституциялык кеңешменин ичинен 67 киши долбоорду колдоп, кол коюп берип кетти", - деди Бекбосун Бөрүбашев.