Аида Салянова: "Сот мага карата саясий чечим чыгарды"

Сот мага карата саясий чечим чыгарды. Мындай пикирин мурдагы башкы прокурор, юстиция министри кызматтарын аркалаган Аида Салянова социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Бүгүн Алексей Елисеевге лицензия берүү иши боюнча чечимди кайра кароо боюнча менин жактоочумдун арызы каралып, ишти кайра кароодон сот баш тартты. Башында айта кетейин, бул саясий чечим. Биз сотко 3 жаңы жагдай менен кайрылганбыз. Үчөөнү тең сот кабыл алган жок.

Сот менин пайдама чечим чыгарбасын башында эле сездим. Анткени отурум жабык өтүп, прокурорлордун сүйлөгөнүн видеого тартып алалы десек уруксат бербей коюшту. Чечим 15 мүнөткө жетпеген убакытта чыгып калды. Мунун баары мага карата саясий чечим чыкканынан кабар берет", - деди Салянова.

Маалым болгондой, Аида Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кире турган болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Hanbike9686
2021-01-27 23:09:11
Озунуз башпрокурор болуп турганда суйлогонунузду видего жаздыртчы белениз? Жаздырткан болсоз жуктонузчу кана? Королу
+1
Jelezo
2021-01-27 23:56:21
Ак ийилет бирок сынбайт,сизге ден соолук узун өмүр.Дагы деле өч алмай саясат уланат окшойт,бирок өздөрү да ушул эле турмушту кайра көрүшөт.
+4
ika8086
2021-01-28 00:45:04
ким-кимди чукуйт.Капырай сенда дуркуроп толуп турган маалында чындыка карабай чыркыраттын эле.Балким жизнь бумеранг болуп журбосун.Саясий деп шылтоону саясатка бурмалабай заказдарды толугу менен аткарганын учун озуно кошо заказ алып койгон турбайсынбы.Ар биринде олко башчы алмашкан сайын командасында кошо тарткылык болот.Ошондуктан бийлике барбай бизнесмендер же кандайдыр бир акчасы барлар тынч уй-булоонор менен эле болгулачы оокатынар и так отот,депутат болбойле койгулачы.
+1
arimaz89
2021-01-28 06:36:18
Өзүңүз болуп-толуп турганда, өзгөлөргө өзүңүз сурангандай мүмкүнчүлүк бердиңиз беле?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан