Президент Садыр Жапаровдун иш бөлмөсү өкмөт үйүндө болот. Маалыматты SUPER.KG порталына өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Рысалиев тастыктады.
"Садыр Жапаровдун иш бөлмөсү өкмөт үйүнө даярдалды. Инаугурация бүткөндөн кийин президент иш бөлмөсү менен таанышат", - деди Рысалиев.
Маалым болгондой, буга чейин шайланган өлкө башчыларынын иш бөлмөлөрү Ак Үйдүн 7-кабатында жайгашып келген.
Учурда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Садыр Жапаровдун ант берүү аземи өтүп жатат.