Инаугурация учурунда филармониянын алдында комуз черткен аял: "Формамды тигип алып Таластан бери келип калдым"

Бүгүн, 28-январда жаңы шайланган президент Садыр Жапаров ант берип, расмий түрдө президенттик кызматка киришти.

Ант берүү аземи Бишкек шаарындагы улуттук филармонияда өтүүдө. Анда Садыр Жапаровду көрөбүз деген эл филармониянын алдына топтолушту. Чогулгандардын арасында алыстан ат арытып келгендер да бар.

Алсак, Талас облусунун Көк-Ой айылынын жашоочусу Жыпаркүл Осмоналиева атайын келген. Ал сыртта туруп комузда кол ойнотуп, ырдады.

"Формамды жакшынакай кылып тигип алып, комузумду көтөрүп алып келип калдым. Элибиз оңолот экен деген үмүт менде 5-6-октябрда болду. Ошондон тарта сүйүнүп жүрөбүз. Мен Жапаровду "Кумтөр" маселесин айтып чыккандан бери колдойм. Элибизде тынчтык болсун", - деп билдирди Осмоналиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aza2100
2021-01-28 11:51:36
Садыр ава элдин үмүтүн өчүрбөй кызмат кылып бериңиз. Аз гана элбиз, кытайдын чоң көчөсүндөгү элге салыштырса болот. Баарыбыз бай жашоого укуктуубуз.
+10
aiba_00
2021-01-28 12:11:45
Кыргыз элинин багына жакшы эле иштеп берсе болду, жеп жутарлар жудотту куураты, жакшы жашасак экен.
+7
bond02
2021-01-28 13:32:31
Ашыкча эле подхалимчилик, ушул аялдын уй булоосу кандай болду экен.
+4
JaneEr
2021-01-28 13:53:52
Уйундо эле ысык чай ичип,телевизордон эле коруп отурсан болбойбу
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан