Президент Садыр Жапаров ант берүү аземинде президенттик башкаруу тууралуу сөз сүйлөдү.
"Мамлекетибиздеги башкаруу формасы тууралуу маселе кызуу талкууну жаратып жатат. Соңку тажрыйба көрсөткөндөй, Кыргыз өлкөсү мыйзам кынтыксыз аткарылган темирдей тартипке, экономикалык жана саясий реформалардын жоопкерчилигин көтөргөн, ошол жоопкерчилик үчүн калың элдин алдында жооп бере алгыдай бийлик системине муктаж. Эл эңсеген андай тартипти, убадага жоопкер бийлик системин президенттик башкаруу гана аткара аларын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тажрыйбасы эчак далилдеген. Президенттик башкаруу адам укугун басынтуу, сөз жана ой эркиндигин чектөө дегендик эмес. Саясий партияларды ооздуктап, сот бийлигин көз каранды бийлик бутагына айландыруу дегендикке жатпайт. Президенттик башкаруу - калың элдин алдында керт башы менен жооп берүү", - деди ал.