Биз социалдык тармакта

Февраль айынан баштап жарандарга жаңы үлгүдөгү паспорттор бериле баштайт

Жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттордун алгачкы 100 миң нускасы февраль айынын аягында даяр болору күтүлүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Мекемеден билдиргендей, жаңы паспорттор 30дан ашуун заманбап коопсуздук элементтери менен корголот, анын ичинде мукабасында рельефтик сүрөттөр когнитивдик басма менен колго сезилген элементтери колдонулат.

Паспорттун барактарында өлкө аймактарынын символдору - Ала-Тоо аянтындагы Тарых музейинин, Манас эстелигинин, Айгүл гүлүнүн, Таш-Рабат архитектуралык комплексинин, Ысык-Көлдүн жана башка сүрөттөр камтылган.

Ошондой эле жаңы паспортто "атасынын аты" деген сап жарандын каалоосуна жараша толтурулат:

"Социалдык тармактарда жарандар бул форматка терс мамиле жасашты, анткени бул атанын ысымы колдонулбаган өлкөлөрдө биздин жарандарды идентификациялоону татаалдаштырат. Латын тамгалары менен паспорттун ээсинин атасынын аты ушул бөлүмдө жарандын каалоосу менен гана жазылат деген чечим кабыл алынды", - деп жазылат билдирүүдө.

Кыргыз паспортунун жаңы үлгүсүн чыгаруу 2020-жылдын май айында германиялык "Mühlbauer ID Services" менен 1 жарым миллион бланк чыгарууга 3 жылдык келишим түзүлгөн. Келишим улуттук валюта сом менен түзүлгөндүктөн, жаңы паспорттун баасы чет өлкөлүк валюталардын өзгөрүүсүнөн көз каранды болбойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
assanov97
2021-01-28 15:08:48
Басы канча сом
0
Nuuman
2021-01-28 15:47:17
assanov97, 550 сомдун тегерегинде
0
Nuri1988Elim2010
2021-01-28 15:21:37
Сыртын жөнөкөй эле чыгарса болмок экен.
+1
OMURBEK.
2021-01-28 15:27:56
Эмне кайра паспорт бизнес башталабы
+1
nazarnew
2021-01-28 15:38:05
Ушул паспортту жанылаганча, завод фабрика куруп экономиканы модернизациялашпайбы чимкириктер десе. Нафиг бизге жаңы паспорттун.
-1
Nuuman
2021-01-28 15:46:55
nazarnew,бул паспорт жок АКШ өкмөтү тарабынан биздин жарандарга АКШга иммиграция виза алуу токтотулган. Себеби, азыркы көк загран паспортту жасап алуу оңой болгондуктан дүйнөдө көп кылмышкерлер кыргыз паспорту болгон. Эми жаңы паспортто чип коюлуп, сиздин бардык данныйлар жазылат. Жасоо дээрлик мүмкүн эмес. А акча тууралуу: 1,5 млн шт паспорт үчүн 690 млн сом бөлүнгөн. Бул акчаны ошол паспорт алган адам өзү төлөйт. Ар бир паспорт алганда 545-550 сомдун тегерегинде. Срок бүткөн жаран гана алат
+4
Nuuman
2021-01-28 15:51:55
nazarnew,паспортту депутаттар жасабайт. Өкмөт жасайт.
-1
stal.ks
2021-01-28 15:41:27
Бул за гран.паспорт замандын суроо талабына ылайык чыгарылыптыр
0
bekalife
2021-01-28 15:52:20
Бул загран паспорт экенда э
0
zhaynak
2021-01-28 16:42:19
Неси болсо да улуту КЫРГЫЗ деп жазып койбоптур. Улутун ким десе, озум кыргыз бирок паспортто жазылган эмес да дедиртпей.
-2
Nuuman
2021-01-28 17:42:09
zhaynak, бул загран паспорт. Мында жазылбайт улуту.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан