Бүгүн, 28-январда Кыргыз өлкөсүнүн жаңы шайланган президенти Садыр Жапаровдун инаугурациясы өттү. Салтанатуу азем аяктаганга чейин филармониянын алдында Садыр Жапаровду күтүп, кылкылдаган эл турду.
Алар атайын жаңы президентти көрүп, иш-чарага катышуу үчүн келгенин билдирип жатышты.
Имараттын алдында жүргөндөрдүн арасында алыскы Өзгөн районунан ат арытып келген аксакал Садыр Жапаровдон үмүтү чоң экенин, алдыда өлкө өнүгүү жолуна түшөрүн жана жаңы шайланган президент стабилдүү болуп, өлкөгө кызмат кылса деген изги тилегин билдирди.
“Садыр Жапаров көптү көрдү, башынан жакшы-жаманды өткөрдү. Карапайым элдин андан үмүтү чоң. Биздин өсөрүбүз калган жок, өлөрүбүз калды. Ажобуз ак жолтой болсун. Анын аты “Токтосун” болсун, эми бизге ушул президент токтоп, иштеп берсин”, - деди ал.