Бүгүн, 28-январда президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземи өттү. Анда ал оор мезгилде президент болуп келгенин айтты. 30 жыл бою топтолгон 5 миллиард долларлык ички, сырткы карызды толук төлөө, пандемия, энергетика тармагындагы көйгөйлөргө токтолду. Ошондуктан анын алгачкы президенттик жарлыктары кризистик жагдайдан чыгуу, экономиканы жандантуу чараларын камтууга багыттала турганын белгиледи.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Садыр Жапаров "президенттик кызматка келишим өлкөдөгү оор мезгилге туш болду" деп айтты. Ал эми эл абал бат эле оңолот деп күтүп да, ишенип да жатат. Жапаров ага ишенгендердин үмүтүнө суу сеппөө үчүн ишин тез арада кандай кадамдардан башташы керек?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев мыйзам талаасына түшүү зарыл деген пикирин айтты.
"Конституциялык реформаны мыйзамды бузуу менен алып барбаш керек. Ишти кыйшык баштаса, кыйшык кетет. Садыр Жапаров бүгүнкү күндөн баштап Конституциялык реформаны элге чыгарып, 6-7 ай талкуулап, баарын иштеп чыгып, кабыл алабыз десе туура болмок. Конституцияны каалагандай жазсаң эле турмуш оңолуп кетпейт да. Миң жакшы сөздү жазсаң да турмуш оңолбойт.
Тез арада ал толук укугу менен пайдаланып коррупциялык иштерге жол берилбегенге шарттарды түзүшү керек. Ууруларды жоопко тартуу зарыл. Сөзсүз эле саясий оппоненттерин эмес, мамлекеттик бюджетке кол салгандарды жоопко тартуу шарт. Эл ошону күтүп жатат. Атаандаштарын камап баштаса баягылардай эле болуп калат", - дейт Масалиев.