Клара Сооронкулова: "Мен президент болсом элде "президенттин өлкөгө кереги жок экен" деген түшүнүк пайда болмок". АПТАСОБОЛ

Бүгүн, 28-январда президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземи өттү. Анда ал оор мезгилде президент болуп келгенин айтты. 30 жыл бою топтолгон 5 миллиард долларлык ички, сырткы карызды толук төлөө, пандемия, энергетика тармагындагы көйгөйлөргө токтолду. Ошондуктан анын алгачкы президенттик жарлыктары кризистик жагдайдан чыгуу, экономиканы жандантуу чараларын камтууга багыттала турганын белгиледи.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Садыр Жапаров "президенттик кызматка келишим өлкөдөгү оор мезгилге туш болду" деп айтты. Ал эми эл абал бат эле оңолот деп күтүп да, ишенип да жатат. Жапаров ага ишенгендердин үмүтүнө суу сеппөө үчүн ишин тез арада кандай кадамдардан башташы керек?" деген собол салды.

Президенттик шайлоого талапкерлигин койгон Клара Сооронкулова Садыр Жапаров шайлоо алдында элге берген убадасын аткарыш керек экендигин айтты.

"Садыр Жапаров шайлоочуларга берген убадасын аткарып, шайлоо алдында алып чыккан программасын ишке ашырышы керек. Бирок азыр Жапаров эмне убада кылганын айтыш кыйын. Анткени убадасынан кийин "жок андай болбойт экен" деп баш тартып койбодубу.

Аракеттеги Конституция боюнча президенттин ыйгарым укуктары чектелген. Ошондуктан бийликти узурпациялап албай, мыйзамдын негизинде иш алып барышы керек. Эгерде шайлоодон мен жеңип чыксам, алгач эле парламенттик шайлоону өткөрүүгө киришмекмин. Болгондо да тарыхта болбогондой таза шайлоо өткөрүп, жаңы жана таза күчтөрдүн бийликке келишине өбөлгө түзүп бермекмин. Конституцияга кол салбай, тескерисинче парламентаризмдин өнүгүшүнө шарт түзүп, өкмөт кесипкөй адамдардан түзүлүүсүн шарттамакмын. Ошону менен бара-бара президенттин макамы дагы жоголуп, элде "парламенттик шайлоо таза өтсө, өкмөт таза адамдардан түзүлсө өлкөгө президенттин кереги жок экен" деген түшүнүк пайда болмок", - деди Сооронкулова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан