Казакстандын Алматы шаарынын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин шаардагы коронавирус инфекциясын алдын алуу боюнча мындан ары чектөө чаралары жөнүндө жаңы жарлыкка кол койду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, шаардагы соода жана көңүл ачуу борборлорунун, соода түйүндөрүнүн иш күндөрү саат 10:00дөн 20:00гө чейин чектелет. Ал эми, ишемби жана жекшемби күндөрү аталган жайлардын иштөөсүнө тыюу салынат. Ошол эле учурда, коомдук тамактануу жайларынын иши саат 09:00дөн 20:00гө чейин чектелет.
Мындан тышкары, коронавирустук инфекциясынын бардык түрлөрү менен ооругандарды милдеттүү түрдө ооруканага жаткыруу каралган.