Тунистин президенти Кайс Саидге шектүү конверт жөнөтүлдү

Тунистин президенти Кайс Саидге шектүү конверт жөнөтүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, шектүү конверт Тунистин президенти Кайс Саидге жөнөтүлгөндүгү тууралуу өлкөнүн башкы прокурорунун орун басары Мохсен ад-Дали билдирген.

Анын айтымында, президенттик сарайга бир баштык ичинде эч кандай документтери жок бирок шектүү зат бар болгон конверт келгенин айтып, ал уулуу зат болушу мүмкүн экендигин билдирген. Конверт тиешелүү эксперттерге тапшырылып, ичинде кандай зат бар экендиги такталалып жаткандыгын жана шектүү конверт ким тарабынан жиберилгендигин издөө башталгандыгын кошумчалаган.

Жөнөтүлгөн белгисиз конвертти сарайдын кызматкерлеринин бири ачкан. Ал эми өлкө башчы өзү жумуш ордунда ишин улантып жаткандыгы жазылат маалыматта.

Буга чейин Тунисте жашоо деңгээлинин төмөндүгүнө нааразы болгон эл массалык митингге чыгышкан. Демонстранттар өкмөттүн отставкасын талап кылышкан. Бир нече шаарлар башаламандыктар менен коштолуп, коопсуздук күчтөрү демонстранттарды таркатуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонуп элди таркатышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан