Испанияда 9 жаштагы кыз балмуздак жегенден кийин каза болду

Испанияда 9 жаштагы кыз балмуздак жегенден кийин көз жумган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, британиялык үй-бүлө Испанияда эс алып жатып 9 жаштагы кызы мейманаканадан балмуздак жеген. Кыздын ата-энеси сатуучудан балмуздактын курамында жаңгак, жумуртка бар же жок экендигин сурашкан. Себеби, кыздын ал азыктарга аллергиясы бар болчу. Ал эми сатуучу балмуздакты сатып жатып андай кошулмалар курамында жок экендигин айткан.

Ошол түнү кыз эс учун жоготуп кулап, дарыгерлердин ыкчам аракетине карабай ооруканадан каза болуп калган. Экспертизанын жыйынтыгында анын өлүмүнө организмде болгон аллергиялык реакция себеп болгону айтылган. Ошондой эле балмуздактын курамында кыздын аллергиясын күчөтүүчү азыктар болгондугу аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Shanson
2021-01-29 12:04:54
такыр келесоо эмелерго ата-энеси да, балмуздакка жумуртка кошот да...
+4
nazira...
2021-01-29 19:54:11
Кудайыи сактааа, көп жеп алган окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан