Митингдин катышуучулары облустук телеканалдан сүйлөштү
Караколдогу митингдин катышуучулары облустук телекеналда түз эфирде коюп жаткан талаптарын айтышты. Бул туурасында облустук кабарчыбыз Жаннат Туратбеков билдирди. "10 мүнөт мурун митингчилер талаптары менен жергиликтүү телеканалдын "Айкын" программасынан эфирге чыгышты. Негизгиси "Кумтөр" боюнча келишимди денонсациялоону талап кылышып, митинг тынч болорун айтышты",- дейт кабарчыбыз.