Баткен облусунун район шаарларында “Өз ара жардамдашуу” мезгили аталышында конференция өтүүдө. Иш- чара буга чейин Исфана, Сүлүктү, Баткен шаарларында өтсө, бүгүн 28-январда Кызыл-Кыя шаарында өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аялдардын активдүүлүгүн жогорулатып, потенциалын көтөрүү максатында уюштурулган конференциянын катышуучулары тарабынан, Баткен облусун органикалык аймакка айлантуу, ар бир үйдө калифорния сөөлжанын багуу менен, органикалык жер семирткичти өндүрүү демилгеси колго алына баштаган.
"Калифорния сөөлжаны түшүмдү кескин жогорулатып, экологиялык таза органикалык жер-жемиштерди өндүрүүгө өбөлгө болот. Биогумус күчүн жоготкон жерди толугу менен азыктандырып, калыбына келтирип, түшүмдүүлүктү жогорулатат",- дейт тажрыйбалуу агроном, калифорния сөөлжанын багып, биогумус өндүргөн Райхан Салиева.
Мындан улам, Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова, биогумус өндүрүү бизнеси айыл жергеси үчүн абдан ыңгайлуу, өзгөчө аялдар үчүн, анткени, үй шартында, аз акча менен баштап, көп киреше алса болоорун айтып, ар бир айыл өкмөт башчыларына бул демилгени колго алуу менен, аймактын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, химиялык жер семирткичтен, органикага өтүү менен, аялдардын ишкердигин колдоо тапшырмасын берген.
"Саттарова конференциянын алкагында, айымдарга "Керемет жашоонун жана ийгиликтин сырлары" аттуу окутуу өтүп, көпчүлүк учурда айымдар коомдогу социалдык көйгөйлөргө дуушар болушаарын, бул жагдайда айымдардын экономикалык деңгээлин көтөрүү ыкмасы гана кырдаалдан чыгууга жардам берерин белгиледи.
Ошондуктан аялдардын ишкердик менен алектенүүсүнө, алардын экономикалык деңгээлин көтөрүү, инсандык, руханий, кесиптик жөндөмүн жогорулатуу, тажрыйба жана билим алмашуу аракеттери зор өбөлгө болоорун айтты. Иш-чаранын негизги максаты, аялдардын ишкердигин илгерилетүү, алардын экономикалык деңгээлин, ошондой эле руханий, инсандык, кесиптик өнүгүүсүн жогорулатуу", - дешти мекемеден.