СССРдин Эл артисти Василий Лановой 87 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Анда жазылган маалыматка ылайык, актёр январь айынын башында байбичеси Ирина Купченко менен бирге COVID-19 илдети менен ооруканага жаткырылган. Кийинчерээк анын оорусу күчөп кеткен. 28-январда Василий Лановойдун абалы оорлоп, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.
Василий Лановой 1934-жылы 16-январда Москвада төрөлгөн. Ал театралдык студияга тапшырып, 1948-жылы "Дорогие мои мальчишки" аттуу спектаклде роль аткарган. Актёр "Алые паруса", "Коллеги", "Война и мир", "Анна Каренина" жана башка тасмаларда ролдорду аткарган.