Голливуд актрисасы Деми Мур ийгиликсиз жасалган операциядан кийин подиумга чыгып сынга кабылды

Голливуд актрисасы Деми Мур ийгиликсиз пластикалык операциядан кийин подиумга чыгып, сынга кабылды. Ал "Fendi" кийим брендинин 2021-жылдын жаз-жай мезгилиндеги коллекциясынын көргөзмөсүнө катышып, жагымсыз таасир калтырды деген кептер айтылган.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Деми Мурдун жүзүндөгү бырыштарды кетирүү аракеттери ийгиликсиз аяктаган.

Анын сүрөттөрү Инстаграм баракчасына жарыялангандан кийин колдонуучулары "бетине эмне болгон?", "ботоксту жасатканга чейин сулуу болчу", "пластикалык хирургду жумуштан кетириш керек" деген пикирлерин билдиришкен.

Деми Мурдун буга чейин сулуулугу бааланып келген. Актрисанын операцияга чейинки сүрөттөрүн сунуштайбыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
asan92
2021-01-29 13:33:23
Да мурда абдан сулуу болчу эле. Негизи Европалык аялдар сырткы келбетине абдан жакшы конул бурушат. Бул эн жакшы. Аялдын сырткы келбети - бул жан дүйнөнүн күзгүсү жана анын коргоочу боёгу. Бирок бизде копчулук аялдар кандайдыр бир себептерден улам сулуу болууга умтулушпайт. Тескерсинче сырткы келбетин жарышып, бети башын оронуп, чумкоп алышат. Бул жакшы эмес.
-8
KaGaH
2021-01-29 14:22:22
asan92,Алла таалам сага ыйман берсин!
+13
erik3
2021-01-29 14:33:53
KaGaH,Динге берилгендерин ыйманы бар экенине деле ишенбейм. Эгер коомдо аял кишини жек көрүшсө, анда сен аял укмуштай сулуу көрүнүшүң керек! Аялдын сырткы көрүнүшү канчалык сулуу болсо, интернеттеги аялдан өч алуу биздин динчилдер арасында ого бетер күч болуп турат.
-6
Aliza_96
2021-01-29 14:25:26
asan92,ушу силердин чачын жайып,сулуу болуп, бойонуп деген созунордон аллергия... Колунду,оозунду тарткылачы жоолуктан! Ар кимдин тандоого укугу бар да. Бакыт жоолуктун ичинде!
+11
erik3
2021-01-29 14:37:14
Aliza_96,Хиджаб оронгондон аял киши бактылуу болуп кетпейт. Хиджабты кыргыз аялдарына мажбурлап жатпайсынарбы. Аялдардын маролдык журум-турумун козомолдогонго диндин, мечиттин эч бир акысы жок. Эгер ушинтип журо берсек арабтардын салтын кабыл алууга мажбур болобуз. Ага жол жок.
-5
sheiaishei
2021-01-29 14:58:02
erik3,бир кишинин баласы ооруса, ошол киши баласынын ыйлаганына карабай колун кармап берет,врач тамырына ийне саят. Эми балам кыйналат экен,ыйлайт экен деп ийне сайдырбай койсо ошол адам баласына жакшылык кылган болобу?Тозокко бараткандарды бир аз катуу айтып,кийинтип койсок жакшылык болобу же жамандык болобу? Оронсо деле бактылуу болбошу мүмкүн бирок оронбосо бактылуу болот деп кепилдик бересизби?
+1
Dinara1234
2021-01-29 16:58:53
erik3,Аллах ыйман бергир хиджапты эч ким сага жана сага окшогондорго мажбурлап кий деп жатканы жок хиджаб аялдын чындыгында бакытты экенин түшүнгөндөр гана Аллахтын ыраазычылыгы үчүн кийип жатат жана аялыны карындашын бөтөн көздөн сактагысы келген чыныгы эркектер кийгизип жатат хиджапты анан сен бир сыйра динди жакшылап түшүнүп чык макулбу бул Хиджаб Аллахтын буйругу Аллах пендесине жалаң гана жакшылыкты жана коопсуздукту каалайт
+4
erik3
2021-01-29 19:48:39
Dinara1234,
Бакыт адамга хиджаб орону менен же динге берилуу м-н келбейт. Бул жон гана адам озун озу алдоо. Бакытты адам озунун акылы менен табат. Баардык аялдар бактылуу болуу учун сырткы келбетине конул болуп, сулуу алып журуусу керек.
-3
Zumrudianka
2021-01-29 18:35:14
erik3,мынча кыйналдык жоолук мн узун кийимге. Сен суйлобо оозунду жап да апана, эже карындаштарына айт кочого саксандап чачтарын жайып купальникчен чыгышсын, то есть уйдо келин болсо аны да кошуп ал
+4
Jacob.
2021-01-29 14:35:09
asan92, кетип кал европага, суктанып олтура бербей...
+11
nazira...
2021-01-29 19:49:45
asan92, башталооось......
-2
bond02
2021-01-29 13:46:59
Карылык да.
+6
Jacob.
2021-01-29 14:35:46
Сулаймановтун жаагын коюп койгондой го))
+2
NURSAPAR
2021-01-29 17:56:40
Ээээ Демиш чеки иш кылыпсың да,чырагым.
+4
Egizderim-baktim
2021-01-30 04:01:56
Ай ии жанылык жолдо эле калып, комментарий окуган мага абдан кызык д ээй.Деми Мур сен бизди кызыктырбайт деле экенсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан