Биз социалдык тармакта

Сокулукта 6 жашар баланын сабалышы: Сот өгөй атаны баланын дарыланууга кеткен чыгымын төлөп берүүгө милдеттендирди

Сокулукта өгөй атасы тарабынан сабалган делген 6 жашар баланын сотко өткөн иши жабылды. Бул тууралуу баланын жактоочусу Шердор Абдыкапаров SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, сот отурумуна баланын жактоочусу жана таенеси катышкан эмес.
"Мен дагы бул туурасында бүгүн Рамазандын таенеси чалганда билдим. Соттук отурумга баланын апасы жана өгөй атасы гана катышкан. Сокулук райондук соту өгөй атасына баланы дарылоого кеткен чыгымдарды жабууга милдеттендирди, бирок ал азырынча төлөй элек. Рамазандын апасы таенесине чалып бул иш боюнча жактоочуга эч нерсе айтпаңыз деп сураныптыр", - деп билдирди жактоочу.
Ошондой эле ал Рамазан өз атасын издеп жатканын кошумчалады.

Окуянын чоо-жайы:

Өткөн жылы 18-ноябрда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине 25 жаштагы келин кайрылган. Анда ал 33 жаштагы күйөөсүнө карата чара көрүүнү өтүнгөн. Айтымында, 18-ноябрга караган түнү жолдошу эч себепсиз эле 6 жашар баласынын денесине залал келтирген.

Аталган факты Октябрь РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 75-берене (үй-бүлөлүк зомбулук) менен катталып, иш андан кийин аймактык, тагыраагы, Сокулук РИИБине өткөрүлүп берилген. Ал эми баланын алган жаракаттарынын деңгээлин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган.

23-ноябрда Чүй ОИИББинин маалымат кызматы аталган ишке шектелген жаран кармалып, Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирген.

Кийин жабырлануучу тараптын жактоочусу Шердор Абдыкапаров баланын апасы күйөөсүнө карата тосмо арыз жазып бергенин, баланы №3 ооруканадан таенеси чыгарып, Нарын облусунун Ат-Башы районуна алып кеткендигин билдирген.

2-декабрь күнү жактоочу баланын апасы андан баш тартканын билдирип, камкордук толугу менен апасына (баланын таенеси) өткөрүп бергенин кабарлаган. Бирок көп өтпөй социалдык өнүктүрүү министрлиги бул маалыматты четке кагып, апасы баласынан баш тартпагандыгын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
NURSAPAR
2021-01-29 17:51:40
Колун сындыра чаап анан коё бериш керек эле.
+6
bekbol2006
2021-01-29 20:57:58
Акыйкатсыз сот
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан