Сооронбай Жээнбеков сотко чакырылды. Күн ичинде орун алган саясий окуялардын топтому бир шилтемеде

Бүгүн, 29-январь, күнгө жума. Саясий окуялардан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун сунуш кылат.
Садыр Жапаровду президенттик кызматка киришүүсү менен бир катар мамлекеттин лидерлери куттуктады

Садыр Жапаровду президенттик кызматка киришүүсү менен бир катар мамлекеттин лидерлери куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Садыр Жапаровду куттуктады. "Сиз президенттик кызматка кыйын мезгилде келип жатасыз. Кыргыз өлкөсүндөгү коронавирус пандемиясына байланыштуу оор жүк менен катар демократия жаңы чакырыктарга кабылып жатат", - деди ал.

Словакиянын президенти Зузана Чапутова: "Эл аралык кызматташтыгыбыз жана биримдигибиз бизге бул оор мезгилди жеңүүгө жардам берет деген ишеничтемин", - дейт.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон: "Франциядан каржылык жардам алган Бишкектеги Француз альянсы сиздердин өлкөдө француз тилин жана француз маданиятын жайылтуунун негизги куралы болуп саналат. Анын ишине кыргыз бийлиги узак мөөнөттүү колдоо көрсөтөрүнө ишенем", - деди.

Ал эми Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Антонио Гутерриш Садыр Жапаровдун реформаларды жасоого болгон умтулуусун кубаттай турганын билдирди. "Сиздин бүтүндөй калктын, алардын ичинде аялдардын, жаштардын жана бардык улуттардын өкүлдөрүнүн муктаждыктарына жооп берген жана үмүттөрүн актаган саясий, экономикалык жана социалдык реформаларды жасоого болгон умтулууңузду кубаттайм", - дейт ал.

Түркмөн президенти кесиптешин куттуктоо менен бирге Жапаровду ыңгайлуу болгон убакта Түркмөнстанга келип кетүүгө чакырды.

"Түркмөнстан менен Кыргыз мамлекетин кылымдарды карыткан достук, бир туугандык жана жакшы коңшулук мамилелер байланыштырып турат. Өлкөлөрүбүздүн ортосунда түзүлгөн жогорку деңгээлдеги ишеним жана өз ара түшүнүшүү эки тараптуу кызматташууну конструктивдүү өнүктүрүүгө бекем негиз боло алат.

Бүгүнкү күндө биздин мамлекеттерибиз саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара кызматташууну кеңейтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүккө ээ. Биз эки тараптуу мамилелерибизди жаңы жогорку деңгээлге көтөрүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоого даярбыз.

Буга байланыштуу Кыргыз-Түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кызыкдар экенимди билдирүү менен, сизге ыңгайлуу болгон убакта Түркмөнстанга келип кетүүгө чакырам.

Сизге чың ден соолук, бакыт-таалай жана мамлекет башчысы катары жооптуу ишиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өсүүнү каалайм", - деп жазылат куттуктоо телеграммасында.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча сотко чакырылды

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча сотко чакырылды. Бул тууралуу Зилалиевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова тастыктады.

Анын айтымында, Сооронбай Жээнбеков 3-февралга сотко күбө катары чакыртылды.

УКМК банктагы ячейкалардын биринен Зилалиевдики делинип 889 миң 900 доллар алынып жаткандыгы тууралуу маалымат тараткан. "Тергөө жүрүп жатканда Зилалиев ал каражат ошол кездеги президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнүн акчасы болгондугун айткан. Бирок анда Сооронбай Жээнбеков чакыртылган эмес", - дейт Токтакунова.

Дүйшөнбек Зилалиевге карата "мыйзамсыз байыган" деген айып менен кылмыш иши козголуп, ал 7-декабрда кармалган. Ошол эле күнү сот аны 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. УКМК Зилалиевден декларациясына киргизилбеген 889 миң 900 доллар акча табылып, ал акча коммерциялык банктардын биринде 2018-жылдын сентябрына чейин сакталганын айтып чыккан.

УКМК тараткан видеодо банктагы ячейкалардын биринен Зилалиевдики делинип 889 миң 900 доллар алынып жаткандыгы көрсөтүлөт. Бул видео боюнча “Оптима банк” билдирүү жарыялаган. Аталган банк ал видео бир жыл мурун банктын кызматкерлери тарабынан тартылганын билдирген. Ячейканы ачууга кардардын ижара келишиминин мөөнөтү аяктагандыгы себеп болуп, акча жана аны ячейкадан чыгаруу учурунда тартылган видео ээсине өткөрүлүп берилгенин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, мурдагы өлкө башчысы жана анын иниси Асылбек Жээнбеков буга чейин Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Абдилат Капаровдун ишине байланыштуу Жогорку Сотко чакырылган. Бирок соттук отурумга экс-президент менен иниси келген эмес. Бул ирет да сотко Жээнбековдун келери же келбеси белгисиз. Анткени мыйзамга ылайык, "экс президент" статусу бар адамды сотко мажбурлоо жолу менен алып келүүгө болбойт.
Эльвира Сурабалдиева Бишкектеги СИЗО-1ге барды

Бүгүн, 29-январда вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге барды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Эльвира Сурабалдиева нөөмөттүк жана медициналык-санитардык бөлүктөрдү, атайын ашкананы, тергөө иштери жүрүп жаткан адамдар жаткан камераларды жана соттолгондордун турак жайларын кыдырган.

"Жарандардын жашоо-шарты өтө начар. Имаратты капиталдык оңдоп-түзөө иштери көптөн бери жүргүзүлбөй, инфраструктурасы эскирип, жараксыз абалга келип, айыпталуучу жарандарга жана иштеген кызматкерлерге кыйын болуп жатат. Камералардын абалы начар. СИЗО-1ге жаңы имарат куруу боюнча ишти бир нече этапта күчөтүү керек", - деген Сурабалдиева.

Мындан тышкары, вице-премьер Саламаттыкты сактоо министрлигине мекемени "Тез жардам" унаасы менен камсыз кылуу маселелерин чечүүнү, ошондой эле жазык-аткаруу тутумунун медициналык кызматкерлеринин квалификациясын акысыз негизде өркүндөтүүнү тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kombi
2021-01-29 19:26:27
Атамбаевдин да экс президент деген статус болгонго
-2
al-abu-kinesz
2021-01-29 23:12:19
Чалдан таяк жеп, элге жек корунду болгон Эльвира, эмне , коррупционер кесиптештерин келечекте комфортный СИЗОдо отурсун деп атасынбы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан