Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин банктагы акчасы тууралуу видео 2017-жылы банк кызматкерлери тарабынан тартылган. Бул тууралуу Зилалиевдин 889 миң 900 доллар акчасы катылган "Оптима Банктан" SUPER.KG'ге кабарлашты.
Банктын өкүлү Наталья Мокинанын айтымында, интернетке тараган видео укук коргоо органдары тарабынан Зилалиевдин өзүнөн алынган.
"Интернетке тараган бул видео бир жыл мурун тартылган. Анда кардардын ячейкасынын ижара келишиминин мөөнөтү бүткөн. Ошондуктан банктын кызматкерлери Улуттук банктын эрежелерине ылайык, ячейканы ачып, ичинде сакталган мүлктү видеого тартып алып чыгышкан. Андан кийин мүлк жана видео ячейканын ээсине өткөрүлүп берилген. Кардарга бул боюнча бир ай мурун эскертүү берилип, бирок ал мүлкүн алып кетүү үчүн банкка келген эмес. Ошондуктан интернетке тараган видео банктын кызматкерлери менен бир жыл мурун эрежеге ылайык жумуш учурунда тартылган. Банк кардардын алдындагы милдетин Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдарына ылайык толук аткарды", - деди банктын өкүлү.
"Оптима банктын" жогорудагы билдирүүсү боюнча УКМКга кайрылганыбызда мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов комментарий берүүдөн баш тартты.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул видеону интернетке кечээ, 11-декабрда таратып, бирок ал качан тартылганын айтпай жаткан.
Ушул жылдын 7-декабрында "мыйзамсыз байыган" деген айып менен Дүйшөнбек Зилалиев УКМК тарабынан кармалган.