Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев бүгүн, 9-декабрда 2 айга камакка алынды. Анын баш коргоо чарасы Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда каралып, тергөөчүнүн өтүнүчү менен тергөө аяктаганга чейин 2 айга камакка алынды.
Зилалиев өзү сот Кайыповдун бул чечимине макул эмес экенин айтты. Райондук соттон чыккан Зилалиев "жок, мен макул эмесмин, анын баарын угасыңар" деп кыскача жооп кайтарды.
Буга чейин анын жактоочусу Учкун Каримов SUPER.KG'ге УКМК аны эмне себептен кармаганын айтып берген. Маалым болгондой Зилалиевге "мыйзамсыз баюу" беренеси менен иш козголуп, айыбы угузулган. Зилалиев УКМК кызматкерлери тарабынан 7-декабрь күнү Бишкектеги үйүнөн кармалганы маалымдалган.
Ал эми УКМК анын кармалганы боюнча азырынча расмий маалымат тарата элек.
Зилалиевге 2017-жылдын 1-декабрында Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси (терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо) менен иш козголуп, 2018-жылдын 18-октябрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту шарттуу түрдө 3 жылга соттогон.