АКШнын Колорадо штатындагы фермалардын бириндеги Америка жана Чыгыш Азиянын аллигатор крокодилинин карды биринчи жолу көргөндөгү реакциясы интернет айдыңында популярдуу болууда.
Маалыматка ылайык, АКШнын жапайы аллигаторлорго жардам берүүчү адистештирилген фермасы жайгашкан Колорадо штатынын аймагында аба ырайы төмөндөп, абанын температурасы -8 градуска чейин түшүп, кар жааган. Бул табигый көрүнүш айыл чарба жаныбарларын таң калтырган.
Ферманын ээси аллигатордун карды биринчи көргөндөгү реакциясын интернетке жүктөгөн. Учурда бул видео интернет колдонуучулар арасында популярдуу болууда.