Социалдык тармактарда жаш баланын "Кечирип кой" аттуу Замирбек Үсөнбаевдин чыгармасын укмуштуудай үн менен аткарганы талкууга алынууда.
Көпчүлүк социалдык тармактын колдонуучулары баланын талантына баа берип, жылуу пикирлерин, каалоо-тилектерин айтышууда. Чыгармачылык чөйрөнүн адамдарына кайрылып, баланы чоң сахнага алып чыгууга көмөк көрсөтүүгө чакыргандар да бар.
Видео качан, кайсы аймакта тартылгандыгы тууралуу так маалымат жок.
"Кечирип кой" чыгармасын Кенже Көбөкова, Лира Райымбекова өңдүү ырчылар аткарып келишет.