Орусиянын борбору Москва шаарында өткөн оппозиционер Алексей Навальныйды колдоо митингинде бир нече ОМОНдор менен мушташкан 21 жаштагы Саид-Мухаммад Жумаев нааразычылык акциясында ОМОНдор менен мушташканы тууралуу жергиликтүү басылмаларга айтып берген.
"Баары ушундай болуп кетет деп ойлогон эмесмин. Ал жакта адамдарга карата адилетсиз мамиле болуп жаткандыгын көрүп, мен дагы чыккам. Андан кийин ОМОНдор менен кармана албай мушташып кеттим. Күнөөмдү жарым-жартылай моюнума алгам, анткени ал кезде бардыгы мага башкача болуп сезилген. Мен буга чейин бир аз машыккам, бирок мушкер эмесмин", - деген ал.
Мындан тышкары, ал Чеченстандан болорун айткан. Саид-Мухаммад Жумаев Москва мамлекеттик университетинин экинчи курсунун студенти. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда.
Буга чейин интернет айдыңында Москвадагы нааразычылык акциясында бир нече ОМОНдор менен жалгыз мушташкан баланын видеосу кызуу талкууга алынган.