Каракол шаарында коменданттык саат жарыяланбайт. Муну 7-октябрда облустук телеканал аркылуу элге кайрылуу жасаган облус башчы Эмил Каптагаев айтты. Ал билдиргендей, аймакта коомдук коопсуздукту камсыз кылуу күчөтүлдү.
Эске салсак, 7-октябрда борбордук аянтка чогулган митингчилер түшкө жакын эл алдына чыккан облус башчы Эмил Каптагаевди барымтага алышып, автоунаанын ичинде кармап отурушту. Кечинде тартип сакчылары митингчилерди күчтүү үн чыгаруучу жардыргыч заттар менен кууп таратып, Каптагаевди бошотушту. Митинг "Кумтөр" боюнча өтүп, чогулгандар ишкана боюнча келишимди денонсациялоону талап кылып турушту.