UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына январь айында Атлантика океанына түшүп жаткан сүрөтүн жарыялады.
"Таң эрте энергия алуу үчүн. Атлантика океаны бүгүн муздак болду. 2021-жылдын январь айы, Флорида штаты", - деп жазды Шевченко.
Валентина Шевченконун бул сүрөтүнө көпчүлүк жылуу пикирлерин жазышууда. Сүрөт учурда 50 миңге чукул "жакты" белгисин алды.
22-ноябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн "UFC 255" турниринде Валентина Шевченко бразилиялык Женнифер Майяны утуп, чемпиондук курун төртүнчү ирет коргоп калган.